|
Айыптоо өкүмү
|
|
АЙЫПТОО ӨКҮМҮ – соттолуучу адамдын күнөөсүн аныктай турган өкүм. Соттолуучу адамдын жасаган кылмышы боюнча күнөөлүүлүгү иликтенген далилдердин жыйындысы аркылуу бекемделгенде гана А. ө. кабыл алынат жана ал аргандай жоромолдорго негизделбейт. Сот жазага тартуу жана камактан бошотуу тууралуу А. ө-н кабыл ала турган учурлар: ошол өкүм боюнча соттолгондорду жазадан бошото турган кечирим берүү мунапысы жарыяланса; соттолуучу адамдын алдынала камакта жаткан мезгили сот тарабынан белгиленген жаза мөөнөтүнө кошулганда. Сот төмөндөгүдөй учурларда жаза чарасы көрүлбөй турган А. ө-н кабыл алат: адам коомчулукка коркунуч туудурбай калганда; камакта жаза мөөнөтүн өтөөгө мүмкүндүк бербей турган оор дартка чалдыкканда; адамды бул кылмыш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскиргенде.
|